super.kg logo
  Саясат  

"Акча менен башка чапкыла!" Садыр Жапаров жарандарды добушун сатпоого үндөдү (видео)

 

Президент Садыр Жапаров Ош облусунда жаңы түптөлгөн Жаңы-Барак айылынын ачылыш аземинде жарандарды 17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоого активдүү катышууга үндөдү. Бүгүн, 15-ноябрда өлкө башчынын маалымат кызматы жарыялаган видеодо Жапаров шайлоого катышуу ар бир адамдын милдети экенин белгилеген.

Ошондой эле ал шайлоо системасында реформалар жүрүп, добуштарды уурдоо жолдоруна бөгөт коюлганын, эми адилет шайлоо өтүшү үчүн жарандар тарабынан добуш сатпоо гана калганын айткан.

"Илгери бюллетендерди чыгарып алып КамАЗдап аймактарга жеткирип, аны түнү менен милиция кайтарып, бир талапкердин добушун экинчи талапкерге кошуп санап ушундай болчу. Азыр баары автоматташтырылган. Азыр эч ким андай кыла албайт, мүмкүн эмес. Эми шайлоочулар өзүңөр оңолушуңар керек. Добушуңарды сатпашыңар керек. Ким акча сунуштап келсе, миң сомбу, 5 миң сомбу, 10 миң сом берсе да аны алып туруп, ошол акча менен башка чабышыңар керек. Силер добушуңар менен кошо өзүңөрдүн 5 жылдык тагдырыңарды да сатып коюп жатасыңар. Мен добуш сатып алып жаткандарды жалгыз жеңе албайм, силер жеңип, жардам беришиңер керек. Ар бириңер ошого жардамдашкыла", - деген мамлекет башчы.






15.11.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: