ТИМ Орусияга бара турган жарандарга кайрылды
Ушул жылдын 1-декабрынан тарта чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар Орусияга кирип-чыгууда биометрикалык маалыматтарын тапшыруу боюнча эксперимент башталат. Бул тууралуу ТИМ маалымдады.
Кыргыз жарандары "Домодедово", "Шереметьево", "Внуково" жана "Жуковский" эл аралык аэропортторунда, ошондой эле Оренбург облусундагы Маштаково өткөрүү пунктунда биометрикалык маалыматтарын тапшырышы зарыл.
Маалыматка ылайык, биометрикалык маалыматтарга бетти санарип сүрөткө тартуу жана манжалардын папиллярдык издерин сканерлөө кирет.
Министрлик Кыргыз жарандарын Орусия мыйзамдарынын талаптарын эске алууну жана жогоруда аталган чек ара бекеттеринде кошумча процедураларга алдын ала даяр болууга чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.