super.kg logo

Бишкекте жашаган жери жок адамдар үчүн баш калкалоочу жайлар иштей баштады 

 

Бишкек шаарында туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, баш калкалоочу жайлар төмөнкү даректерде жайгашкан:

Октябрь району Аалы Токомбаев көчөсү 1а дарегинде жайгашкан баш калкалоочу жай 80 адамга ылайыкталган. Учурда оңдоо иштери жүргүзүлүп, төшөнчү жана дары-дармектер алынып келинген. Ошону менен катар бир жолку ысык тамак берилет жана жылытуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10 тонна көмүр сатылып алынган.

Свердлов районунун аймагында Фере көчөсү, 34а дарегинде жайгашкан баш калкалоочу жай 40 адамга ылайыкталган. Учурда имаратка косметикалык оңдоо жүргүзүлүп, дары-дармектер, төшөнчү жабдыктар алынган. Бир жолку ысык тамак берилет жана жылытуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 8 тонна көмүр сатылып алынган.

Туруктуу негизде Биринчи Май районунун аймагында "Коломто" муниципалдык мекемеси иштеп жатат, ал туруктуу жашаган жери жок 70 адамга ылайыкталган. Дареги: Жибек-Жолу проспекти, 413. Бул жерде күн сайын 70тен 100гө чейин үй-жайсыз адамдарга бир жолку тамак-аш берилет жана түнөп кетүүгө болот. Бул мекеме жыл сайын турак жайы жок 2 миң адамга кызмат көрсөтөт.

"Аталган жайларга үй-жайсыз адамдар өздөрү кайрыла алышат. Ошондой эле аларды укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана тез жардам бригадасы алып келишет. Эгерде жардамга муктаж үй-жайсыз адамдарды көрсөңүз, 102 же 103 номерлерине чалуу керек" - деп билдирди мэрия.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: