super.kg logo

Депутаттар Маданият жана искусство университетинин ишмердүүлүгү менен таанышты

 

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин «Альянс» парламенттик фракциясынын депутаттары көчмө жыйындын алкагында Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул боюнча аталган окуу жайдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алар мекеменин жаңы корпусун курууга байланышкан маселелерди талкуулашты.

Жыйынга депутаттар Жанарбек Акаев Чыңгыз Айдарбеков, Нилуфар Алимжанова, Азамат Исираилов, Гулкан Молдобекова Жумабек Салымбеков, маданият министри Алтынбек Максүтов, финансы министринин орун басары Улугбек Календеров жана башкалар катышты.

"Алгач министр Алтынбек Максүтов окуу жайдын кыскача тарыхына токтолуп өттү. Андан соң ректор Түмөнбай Колдошов буга чейин жасалган иштер, окуу жайдагы өзгөрүүлөр жана муктаждыктар тууралуу презентация жасады. Андан соң окуу жайга жаңы корпус салуу, улуттук макам ыйгаруу, кызматкерлердин айлык акысын көтөрүү боюнча маселелер талкууланды.

Белгилей кетсек, буга чейин эл өкүлү Чыңгыз Айдарбеков келип, окуу жайдын абалы менен таанышып кеткен, андан соң коммтеттик жыйында дагы бул боюнча токтолгон", - деп билдиришти окуу жайдан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: