super.kg logo
  Саясат  

"Салыктык төлөмдөр 415 миллион сомду түзүп..." Садыр Жапаров “Макмал Голд Компани” ишканасына барды

 

Бүгүн, 15-ноябрда президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун туунду компаниясы – “Макмал Голд Компани” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул туурасында президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, өлкө башчысына ишканада өткөн жылы башталган оңдоо иштери уланып жаткандыгын айтылды.

"112 видеокөзөмөл камералары орнотулуп, жаңы жабдуулар, анын ичинде атайын техника сатып алынды. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугун жана инфраструктурасын жаңылоого өзгөчө көңүл бурулду.

2024-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча негизги көрсөткүчтөргө жетишилди: кызматкерлердин штаты, ошондой эле алтын өндүрүүнүн көлөмү көбөйдү.

Салыктык төлөмдөр 415 миллион сомду түзүп, эмгек акы төлөө фонду 327,8 миллион сомго жетти", - деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, президент мекеменин ийгиликтүү модернизациясы мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу башкаруунун үлгүсү катары кызмат кыларын баса белгилеп, компания мындан ары да өндүрүштүк көрсөткүчтөрүн жогорулатып, Кыргызстандын экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошоруна ишенимин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: