super.kg logo

"Жымжырттык күн". Өлкөдө шайлоого байланыштуу милиция күчөтүлгөн тартипке өттү

 

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу багытында укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипке өттү. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, өлкө боюнча коомдук коопсуздукту 15 миңден ашык укук коргоо кызматкерлери карайт.

"Шайлоо өтүп жаткан күндөрү коомдук тартипти сактоого мыйзамдуулукту сактоо жана тартип бузуулардын алдын алуу максатында республиканын бардык региондорунда милиция кызматкерлери тартылат. Ар бир шайлоо участогуна милиция кызматкери бекитилип берилген", - деп айтылат маалыматта.

ИИМ тартип бузуулар, шайлоо мыйзамдарын бузуулар аныкталса, бардык фактылар катталып, мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертти.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-ноябрда саат 8:00дөн баштап шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салуу күчүнө кирет. "Жымжырттык күнү" деп аталган бул мезгил добуш берүү башталганга чейин 24 саатка созулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: