"Бир эле шапалак". Жол эрежесин бузган эргулдар кайгуул кызматкерлерин коркутууга алды (видео)
Бишкекте жол эрежесин бузуп, милициянын кайгуул кызматкерлерине асылган айдоочуга партокол түзүлдү. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Тасмада көргөндөй кайгуул кызматкерлери кыймыл бир тапатуу болгон жолдо эреже бузуп айдаган унааны токтотуп, тийиштүү документтерин сураган. Анда айдоочу тааныштарына чалып, кызматкерлерди коркутууга алган.
Ошондой эле өзүн айдоочунун досу катары тааныштырган жүргүнчү, кызматкерлерге асылып, "бир шапалактан чыкпайсын" деген сөздөрдү айткан. Мындан тышкары жумуштан кол жууп калышы мүмкүн экендигин эскерткен.
Жыйынтыгында жол эрежесин бузган айдоочуга эки протокол түзүлгөн.
Жол эрежесин бузган эргулдар кайгуул кызматкерлери менен тирешти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.