super.kg logo

БШКнын колл-борбору күн сайын шайлоочулардан 150дөн чалууларды кабыл алат

 

Жергиликтү кеңештердин депутаттарын шайлоонун алкагында БШКнын колл-борбору күн сайын шайлоочулардан келген 150гө чейинки кайрылууларды иштеп чыгуу менен күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, борбордун адисттери даярдыктын жана натыйжалуулуктун жогорку деңгээлин көрсөтүү менен, ай сайын 2000ге жакын чалууларды кабыл алышат.

Көбүнчө жарандар төмөнкүлөргө кызыгышат:

Өзүнүн участкалык шайлоо комиссиясынын номерин жана дарегин кантип аныктоо;

Аралыктан добуш берүүнүн шарттары жана тартиби.

Инклюзивдүү шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду: колл-борбордун адисттеринин көпчүлк бөлүгү – бул ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар. Мындай саясат калктын аз мобилдүү топторун колдоого багытталган «Жеткиликтүү өлкө» мамлекеттик программасынын алкагында ишке ашырыла тургандыгы маалыматта кошумчаланган.

Белгилей кетсек, бүгүн, 17-ноябрда өлкө боюнча 33 шаардык жана 231 айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо башталды. Шайлоо участкалары 8:00дө өз ишин баштаган, 20:00дө добуш берүү токтотулат. Өлкө боюнча жалпы 2437 добуш берүү участкасы бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: