super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаарынын мэри шайлоо өнөктүгүнө катышты (сүрөттөр)

 

Бүгүн, 17-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоосуна катышып, борбордогу №1221 шайлоо участкасынан добуш берди. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, добуш берүү күнүндө борбор калаада 268 шайлоо участкасы иш алып барууда. Алардын баары шайлоо бюллетендери үчүн автоматтык эсептөөчү урналар менен жабдылган, операторлор жаңыланган жабдуулар менен иштөөгө окутулган.

Ал эми аралыктан добуш берүүгө 5 миң арыз катталган. Добуш берүү күнүндө аралыктан добуш берүүнү каалагандыгын билдирген шайлоочулар үчүн 4 шайлоо участкасы ачылгандыгы маалыматта кошумчаланган.

Алар:

Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусу (М.Фрунзе көчөсү, 547);
Октябрь райондук мамлекеттик администрацисынын имараты (Байтик Баатыр көчөсү, 17);
К.Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн китепкана (А.Огонбаев көчөсү, 242);
А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театры (Ю.Абдрахманов көчөсү, 167).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: