Бишкекке футбол боюнча Ирандын улуттук курамасы келди (видео)
Бүгүн, 17-ноябрга караган түнү «Манас» эл аралык аэропортунда Кыргыз футбол биримдигинин өкүлдөрү футбол боюнча Ирандын улуттук курамасын тосуп алышты. Бул туурасында биримдиктин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Иран курамасы Бишкекке, 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раунду алкагында өтө турган Кыргызстан-Иран беттешине катышуу үчүн келишти.
Футбол биримдиги Иран курамасынын оюнчуларына жана машыктыруучу штабынын өкүлдөрүнө ак калпак кийгизип, белектерди тапшырып, сыйлуу тосуп алышты.
Эске салсак, келе жаткан оюн 19-ноябрь күнү саат 20:00до борбор калаанын Д.Өмүрзаков стадионунда өтөт.
17.11.24.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















