БШК саат 12:00гө карата шайлоочулардын катышуусу боюнча маалымат берди
Бүгүн, 17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосу өтүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы саат 12:00гө карата шайлоо участкаларында шайлоочулардын катышуусу боюнча маалымат берди.
Өлкө боюнча 351 миң 541 шайлоочу катышты. Бул көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 8.5 пайызын түзөт.
Алардын ичинен шаардык кеңештин депутаттарына 127 миң 704 жаран добуш берген. Башкача айтканда 1 миллион 620 миң 243 шайлоочунун 7.88 пайызы катышты.
Ал эми азырынча айылдык кеңештин эл өкүлдөрүн шайлоого 223 миң 837 жаран барган. Жалпы 2 миллион 514 миң 796 шайлоочунун 8.90 пайызын түзөт.
Мындан тышкары 2 652 жаран аралыктан шайлаган.
Белгилей кетсек, өлкө боюнча жалпы 2437 добуш берүү участкасы бар. Кыргызстандыктар 33 шаардык кеңеште 993 депутаттарды жана 231 айылдык кеңеште 5391 эл өкүлдөрүн шайлашат. Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого 39 саясий партия катышып, 4822 талапкерди көрсөткөн. Ал эми айылдык кеңештерге 9 996 талапкер катталган.
Шайлоочулардын жалпы саны 4 миллион 135 миң 39ду түзөт. Шайлоо участкалары саат 20:00дө өз ишин токтот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.