super.kg logo

Жергиликтүү кеңешке шайлоо: Саат 16:00гө карата 18,66 пайыз шайлоочу катышты

 

Борбордук шайлоо комиссиясы саат 14:00гө карата шайлоо участкаларында шайлоочулардын катышуусу боюнча маалымат берди.

Азырынча өлкө боюнча 771 миң 767 жаран шайлоого катышты. Бул көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 18,66 пайызын түзөт.

Алардын ичинен шаардык кеңештин депутаттарына 266 миң 757 жаран добуш берген. Башкача айтканда 1 миллион 620 миң 243 шайлоочунун 16,46 пайызы катышты.

Ал эми азырынча айылдык кеңештин эл өкүлдөрүн шайлоого 505 миң 10 жаран барган. Жалпы 2 миллион 514 миң 796 шайлоочунун 20,08 пайызын түзөт.

Мындан тышкары 4 270 жаран аралыктан шайлаган.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча жалпы 2437 добуш берүү участкасы бар. Кыргызстандыктар 33 шаардык кеңеште 993 депутаттарды жана 231 айылдык кеңеште 5391 эл өкүлдөрүн шайлашат. Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого 39 саясий партия катышып, 4822 талапкерди көрсөткөн. Ал эми айылдык кеңештерге 9 996 талапкер катталган.
Шайлоочулардын жалпы саны 4 миллион 135 миң 39ду түзөт. Шайлоо участкалары саат 20:00дө өз ишин токтот.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: