super.kg logo

Ысык-Көл облусундагы 2 шайлоо участкасында добуш берүү мөөнөтү узартылды. Себеби

 

Ысык-Көл облусундагы эки шайлоо участкасында добуш берүү мөөнөтү узартылды. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирет.

Маалымдалгандай, келип чыккан техникалык кыйынчылыктарга байланыштуу жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында , Ысык-Көл облусунун Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү убактысын узартуу жөнүндө токтом кабыл алды.

Ага байланыштуу Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылындагы №3023 добуш берүү тилкеси бүгүн, 17-ноябрда саат 23:00гө чейин шайлоочуларды кабыл алат.

Ал эми Ак-Суу районунун Тепке айылындагы №3092 шайлоо участкасында эртең, 18-ноябрда саат 20:00гө чейин шайлоо өнөктүгү жүрөт.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча жалпы 2437 добуш берүү участкасы бар. Кыргызстандыктар 33 шаардык кеңеште 993 депутаттарды жана 231 айылдык кеңеште 5391 эл өкүлдөрүн шайлашат. Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого 39 саясий партия катышып, 4822 талапкерди көрсөткөн. Ал эми айылдык кеңештерге 9 996 талапкер катталган.
Шайлоочулардын жалпы саны 4 миллион 135 миң 39ду түзөт. Шайлоо участкалары саат 20:00дө өз ишин токтотту.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: