super.kg logo
  Саясат  

Шайлоо: Добуш сатып алуу боюнча 7 кылмыш иши козголду

 

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш сатып алуу боюнча 7 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда ИИМдин Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Султан Макилов жергиликтүү уктуруулардын бирине берген маегинде билдирди.

Ал жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгү башталгандан бери мыйзам бузуу боюнча 96 арыз түшкөнүн айтты.

"Алардын тастыкталганы бар, тастыкталбаганы бар. Ошол себептен биз 10 маалымат боюнча кылмыш ишин козгодук. Анын ичинен шайлоочулардын добуштарын сатып алуу боюнча 7 кылмыш иши козголду. Бишкекте 2, Чүйдө 3 жана Талас облусунда 2. Мындан тышкары бейбаштык, уурдоо жана массалык башаламандыкка байланыштуу дагы иш ачылган", - деди Макилов.

Белгилей кетсек, кечээ, 17-ноябрда жергиликтүү кеңештин депутаттарына шайлоо өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: