super.kg logo

"Хезболланын" пресс-катчысы өлтүрүлүгөнү белгилүү болду

 

Кечээ, 17-ноябрда "Хезболланын" байланыш директору Мухаммад Афиф Израилдин аба күчтөрүнүн Бейруттун калк жыш жайгашкан аймагындагы имаратка жасаган соккусунан каза болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Израил армиясы бул окуя боюнча комментарий берген жок жана расмий социалдык тармактардын баракчаларында сокку же эвакуацияга даярдыктар тууралуу эч кандай билдирүү жарыяланган эмес.

Кол салуу Израилдин кол салууларынан жапа чеккен Бейруттун түштүк четиндеги көптөгөн качкындар баш калкалоочу жай тапкан Рас-аль-Набаа аймагында болду. Маалымат булактарынын айтымында, аба соккусу Сириянын Социалдык улутчул партиясынын кеңселери жайгашкан имаратка урулган. Аль-Жадид телеканалында Ливандагы партиянын лидери Али Хиджази Афиф бул имаратта болгонун тастыктап, кийин анын өлтүрүлгөнү белгилүү болгон.

Мухаммад Афиф "Хезболланын" мурдагы баш катчысы Хасан Насралланын жакын кеңешчиси болгон. Ошондой эле ал узак убакыт бою “Аль-Манар” телеканалын жетектеп, иранчыл топтун медиа бөлүмүндө иштеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: