super.kg logo

Зеленский Байдендин Орусияга узак аралыктан сокку урууга уруксаты тууралуу маалыматка комментарий берди

 

Украинанын президенти Владимир Зеленский New York Times гезитинин АКШ президенти Жо Байдендин Орусиянын аймагына Батыштын алыс аралыкка учуучу ракеталары менен сокку урууга уруксаты тууралуу маалыматына комментарий берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Ал эми Зеленский мындай уруксатты алгандыгын түз ырастаган жок.

"Украинаны чыңдоо планы – бул мен өнөктөштөрүмө сунуштаган Жеңиш планы. Негизги пункттардын бири – биздин армиянын алыстыгы. Бүгүнкү күндө көптөгөн ММКлар тиешелүү аракеттерди көрүүгө уруксат алдык деп айтып жатышат. Бирок соккулар сөз менен чечилбейт. Мындай нерселер айтылбайт", - деди Зеленский кечки кайрылуусунда.

Буга чейин Байден биринчи жолу Украинага Орусиянын аймагында алыс аралыкка учуучу ATACMS ракеталарын колдонууга уруксат бергенин New York Times гезити маалымдаган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: