super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров: “Кыргызстанда кайсы завод ачылса, биз ошону колдошубуз керек” (видео)

 

Өзүбүздүн продукцияны колдойлу, коргойлу. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын аппараттык жыйынында билдирди.

Анын айтымында, эгерде кыргыз эли ички ишкерлерди колдобосо анда алар бутуна турбайт.

"Кыргызстанда кандай завод ачылбасын, биз ошол заводдун продукциясын колдошубуз керек. Эгерде биз антпесек анда ички ишкерлерибизди бутуна тургуза албайбыз. Учурда Кыргызстанда унаа чыгаруучу заводдор да иштей баштады. Демек, биз бир гана ошол жерден алышыбыз керек. Оор жүк ташуучу унааларды чыгаруучу завод да февраль айынан баштап иштей баштайт. Өзүбүздүн ишкерлерди колдойлу, коргойлу. Коргоо принциптеринин баарын мага бүтүрүп бериңиздер", - деп айтты Акылбек Жапаров өз сөзүндө.






Акылбек Жапаров: “Кыргызстанда кайсы завод ачылса, биз ошону колдошубуз керек”

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: