Медициналык академиянын студенттери менен мугалимдери эвакуацияланды
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын имаратынан бомба изделди. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 18-ноябрда Октябрь ички иштер бөлүмүнөн тастыктады.
Маалыматка ылайык, саат 11:00 чамасында милицияга академиянын имаратына жардыргыч зат коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге укук коргоо органынын кызматкерлери барышып, имараттын аймагын курчоого алышкан жана студенттер менен окутуучуларды эвакуациялоо иштерин жүргүзүшкөн.
Райондук милиция кинологдор бомба издөө иштерин жүгүзүп, шектүү эч нерсе табылбаганын кошумчалады. Учурда академияда окуу уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.