super.kg logo

Бишкекте кызганычтан аялын өлтүрүп, өзү ооруканага түшкөн жаран камакка алынды

 

Бишкектин Арча-Бешик конушунда жолдошу тарабынан бычакталып каза тапкан 27 жаштагы келиндин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Өтө мыкаачылык менен жасалган адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Ал эми Ленин райондук соту шектүү делген 34 жаштагы жаранды камакка алуу чечимин кабыл алган.

Эске салсак, 15-ноябрь күнү таңга маал каза болгон келин менен күйөөсүнүн ортосунда кызганычтан улам чыр чыгып, 34 жаштагы жаран жубайын бычактап салганы маалымдалган. Анда шектүү өзүнө дагы кол салып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү, ал милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда экени айтылган. Айрым маалымдоо каражаттары өз булактарына таянып, келин 10 жолу бычак жегени, ал эми кылмыш жасаган адам өзүн төшкө сайганын жазып чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: