Майк Тайсон менен Жейк Пол беттештен кийин бокстан четтетилишти
Блогер Жейк Пол менен легендарлуу мушкер Майк Тайсон АКШда өткөн беттешинен кийин убактылуу бокстан четтетилишти. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.
Алардын мушташы Техастын лицензиялоо департаментинин колдоосу астында өткөн. Департаменттин көрсөтмөсүнө ылайык, беттештен кийин медициналык чектөөнүн минималдуу мөөнөтү 1 раундга 3 күндүк эсеп менен аныкталат.
Тайсон менен Пол 8 раунд беттешишкен, башкача айтканда алар жок дегенде 24 күн беттешке чыга алышпайт.
58 жаштагы Майк Тайсон мынчалык жакын арада рингге чыгууну ойлобойт, бирок ал кийинки беттешин 2025-жылы өткөрүүнү кааларын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.