super.kg logo

Армениянын өкмөтүндө массалык кызматтан кетүүлөр орун алды

 

Армениянын негизги коопсуздук органдарынын жетекчилери премьер-министр Никол Пашиняндын сынынан кийин кызматтан кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Ага ылайык, тергөө комитетинин башчысы Аргишти Кярамян менен ички иштер министри Ваге Казарян кызматтан кетишти.

15-ноябрда өкмөттүн жыйынында Пашинян күч түзүмдөрүнүн ишин катуу сынга алган.

"Урматтуу кесиптештер, менин чыдамым түгөндү. Силерге ачык айтам: мунун аягы келди. Бул мындан ары да улана албайт", - деген Армениянын премьер-министри.

Укук коргоо органдарынын жетекчилеринен тышкары Коррупцияга каршы комитеттин жетекчиси Сасун Хачатрян, Мамлекеттик киреше комитетинин жетекчиси Рустам Бадасян, аймактык башкаруу министри Гнел Саносян жана Жогорку сот кеңешинин башчысы Карен Андреасян да кызматтан кетишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: