super.kg logo

Ливан менен "Хезболла" кыймылы АКШнын Израил менен ок атышууну токтотуу сунушуна макул болушту

 

Ливан менен "Хезболла" кыймылы АКШ сунуш кылган Израил менен ок атышпоо келишиминин долбоорун жактырышып, мазмунуна айрым комментарийлерди беришти. Бул тууралуу Ливан парламентинин спикеринин жардамчысы Али Хасан Халил Reuters агенттигине билдирди.

Кечээ, 18-ноябрда Ливан Американын Бейруттагы элчиси Лиза Жонсонго кат түрүндө жообун жөнөткөн.

Али Хасан учурда бардыгы Израилден көз каранды экенин белгилеп, ок атышпоого жетишүү үчүн жасалган аракеттерди эң ​​олуттуусу деп атады.

"Комментарийлер оң маанайда берилди" деп баса белгиледи Халил. Ошондой эле ал бул боюнча толук маалымат берилбей тургандыгын кошумчалаган.

Ливандын премьер-министри Наджиб Микати мурда билдиргендей, республикалык бийликтер эми жакында Бейрутка бара турган америкалык эмиссар Эймос Хокстин менен келишимди талкуулашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: