super.kg logo

Эне тилге эки мүнөт: Адамды кандай учурда кулагынан үрктү дейбиз?

 

"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасында туруктуу сөз айкаштарын чечмелөөнү улантабыз. Бул жолку чыгарылышта сөзгө сөлтүк кылуу, тумшугу жылыбоо, ырыс кесер, кулагынан үркүү, кара жемсөө фразеологизмдеринин маанилерине токтолобуз.

Сөзгө сөлтүк кылуу – кепке-сөзгө калтыруу, абдан уят кылуу деген мааниде колдонулат. Мисалы: Сөзгө сөлтүк кылбайын деп, силерди гана аяп отурам.

Тумшугу жылыбоо – иши оңолбоо, жарыбоо. Мисалы: Тополоң шумдун тумшугу дароо эле жылыбады.

Ырыс кесер – кесирдүү, колунан эч нерсе келбесе да анча-мынчаны теңине албай, жактыра бербей ыргыштаган, ырысын тепкен деген мааниде айтылат. Мисалы: Тоо арасында сандалган ырыс кесер, кесирдүү Самсалы көл башындагыларга зорго жеткен экен.

Кулагынан үркүү – эл арасында айтылган имиш сөздөрдөн улам өзүнөн-өзү кооптонуп, чочулап тынчы кете баштоо. Мисалы: Айрыкча Көк-Суудагы элдер кулагынан үрктү.

Кара жемсөө – жегич-ичкич, алдым-жуттум, паракор деген мааниде. Мисалы: Баягы кара жемсөөлөр дагы мыкаачылыгын карматкан экен, ээ!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: