super.kg logo

ДЧ-2026 тандоо оюндарынын Кыргызстан – Иран тарыхый беттеши: MegaTV’ден көрүңүз

 

19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын 3-раундунун алкагында – тайпадагы эң күчтүү атаандаштардын бири – Иран менен беттешет.

Бул беттеш Кыргызстандын курама командасы үчүн өзгөчө мааниге ээ, анткени кыргызстандык команда тарыхта биринчи жолу Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын 3-раундуна чыкты. Үйдөгү аренада күйөрмандардын колдоосу команда үчүн өтө маанилүү. Футболчулар өздөрүнүн мыкты сапаттарын көрсөтүп, дүйнөнүн башкы футболдук турнирине чыгуу мүмкүнчүлүгү үчүн күрөштү улантууга ниеттенишүүдө.

Оюн саат 20:00дө башталат. Көрүүчүлөргө стадионго кирүү саат 18:00дөн баштап ачык болот. Оюн учурунда күйөрмандар мелдештен ырахат алып гана тим болбостон, кызыктуу учурларды досторуна жана жакындарына реалдуу убакыт режиминде бөлүшө алышат. Мунун баары MEGA мамлекеттик уюлдук операторунан акысыз Wi-Fi’дын аркасында болот.


Wi-Fi’ды кантип кошуу керек?

1. MEGA_WiFi тармагын табыӊыз

2. Өзүӊүздүн MEGA номериңизди киргизиңиз

3. Код менен SMS алыңыз

4. Кодду киргизип, жогорку ылдамдыктагы интернетти акысыз пайдаланыӊыз!

Ал эми оюнду барып көрүүгө шартыӊыз жок болсо, беттешти MegaTV мобилдик колдонмосунда «УТРК Спорт» каналында түз эфирде көрүүгө сонун мүмкүнчүлүк бар.

MegaTV колдонмосунун жардамы менен (App Store жана Google Play) күйөрмандар оюндун жүрүшүнө үйдөн чыкпастан, атүгүл жолдо баратып да байкоо жүргүзө алышат. Колдонмо ыңгайлуу интерфейс жана көптөгөн пайдалуу функциялар менен жогорку сапаттагы берүүлөрдү сунуштайт. Беттешти каалаган түзмөктөн – смартфон, планшет, Smart TV же megatv.kg веб-интерфейси аркылуу компьютерден көрүүгө болот.

Эскерте кетсек, бул турнир 2026-жылкы Дүйнө чемпионатына тандоо циклинин бөлүгү болуп саналат жана ар бир упай чоң мааниге ээ. Эл аралык аренада тарыхый оюн көрсөтүп жаткан улуттук команданы колдоого кыргызстандык күйөрмандар үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.

MEGA - ӨЗYБYЗДYН байланышты танда, ӨЗYБYЗДYКҮЛӨРДҮ колдо!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: