Бүгүн Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат
Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, бүгүн, 19-ноябрда Бишкектин борбордук көчөлөрү футбол беттешине байланыштуу жабылат.
Ага ылайык, оюн калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Анда Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан курамасы Иранды кабыл алат.
Буга байланыштуу төмөнкү көчөлөр убактылуу жабылат.
- Фрунзе көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин;
- Тоголок Молдо көчөсү Чүй көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин жабык болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.