super.kg logo

Грузияда атайын күчтөр Тбилисинин борборуна чатыр орноткон демонстранттарды кууп таркатты (видео)

 

Грузиянын Ички иштер министрлигинин атайын күчтөрү Тбилисидеги демонстранттарды кууп таркатты. Алар күн мурун мамлекеттик университеттин имаратынын жанындагы проспектидеги жолду чатырлар менен жаап салышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Демонстранттар менен полициянын кагылышуусу башталып, бир нече адам камакка алынганы кабарланууда.

Атайын күчтөр имараттын жанына орнотулган баррикадаларды бузуп, демонстранттар жолдорду тосуу үчүн колдонгон унааларды эвакуациялоону координациялашты. Ошентип укук коргоо кызматкерлери Чавчавадзе проспектисин толугу менен тазалап, демонстранттарды жакын жердеги Меликишвили проспектисине кетиришкен.

Буга чейин 18-ноябрга караган түнү Ника Гварамия баштаган оппозициялык “Өзгөртүү коалициясынын” активисттери мамлекеттик университеттин имаратынын жанына 30дай чатыр тигишкен. Алар парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн күрөштүн жаңы этабына өткөнүн жарыялашкан.






Грузияда атайын күчтөр Тбилисинин борборуна чатыр орноткон демонстранттарды кууп таркатты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: