super.kg logo
  Саясат  

Төраганын орун басары Бишкектеги төрт райондун аталышын өзгөртүүнү сунуштады (видео)

 

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев борбордогу төрт райондун аталышын өзгөртүү демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Ал мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин жетекчиси Кудайберген Базарбаевге кайрылып, Кыргызстанда аталышы өзгөртүлө турган аймактарды ага кошуп Бишкектин төрт районун өзгөртүү боюнча мыйзамды бир күндө кабыл алууга сунуш берди.

"Кыргызстан боюнча бир эле мыйзам кабыл алып, бир күндө эле баарын өзгөртүү керек. Бишкектин төрт району качан өзгөрөт? Аларга жакшы аталыш карап чыксаңыздар. Мисалы, Тажикстанда бир күндө эле баарын өзгөртүп коюптур. Биз болсо бир күнү Баткенди, бир күнү Нарынды улам-улам эле мыйзам кабыл алып жатабыз. Аттары өзгөрүлө турган аймактардын баарына бир эле мыйзам кабыл алып, бир күндө эле өзгөртүү керек", - деди Нурбек Сыдыгалиев.






Бишкектеги төрт райондордун атын өзгөртүү сунушталды

Бишкектеги төрт райондордун атын өзгөртүү сунушталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: