super.kg logo

Өлкө аймагында жол боюндагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

 

"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери менен Жол чарба департаментинин аймактык бөлүмдөрү тарабынан жол боюнда жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, мыйзамсыз объектилер Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облусундагы жалпы пайдалануудагы унаа жолдордо атайын техниканын жардамы менен алынып жатат.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган жумуштар президенттин “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге жол боюндагы тейлөө объекттерин мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын аткаруунун алкагында жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: