Баткенде бир айдан бери дайынсыз болуп келген өспүрүм кыз Бишкектен табылды
Кызыл-Кыя шаарында бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы кыз Бишкектен табылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын апасы милицияга кайрылып, кызы 4-сентябрь күнү саат 17.00 чамасында эжесинин үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин айткан.
Бул арыз каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө кыздын жүргөн жери аныкталган. Натыйжада, дайынсыз жогологон кыз Бишкек шаарынан алып келинип, апасына тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.