Калкты тейлөө борборунун кызматтары түндүк тиркемесине киргизилди

Маалым болгондой, аталган бөлүм КТБнын бардык кызматтарын бириктирип, жарандардын калкты тейлөө борборлоруна баруу зарылчылыгын жокко чыгарды. Эми түндүк тиркемеси аркылуу онлайн түрдө керектүү кызматтарды пайдаланса болот.
Бул бөлүмдүн жардамы менен төмөнкү кызматтарды пайдалана аласыз:
- калкты тейлөө борборуна онлайн кезекке туруу;
- жашаган жери боюнча каттоо;
- ID-паспортту алмаштыруу;
- Жарандык абалдын актыларын каттоо документтерин санариптештирүү;
- дареги боюнча катталган адамдардын саны тууралуу маалымкат алуу;
- күбөлүктү кайра алуу (туулгандыгы тууралуу, нике, ажырашуу жана башка документтер).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.