Нарын шаарына LED экрандар орнотулат




Нарын шаарына эки LED экран орнотулат. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Нарын мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, LED экрандар Нарын шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана заманбап тейлөө көрсөтүү максатында коюлат.
"Учурда жергиликтүү бюджеттин эсебинен 800 миң сомго сатып алынган эки тараптуу, узуну 5, туурасы 2 метрди түзгөн LED экранды жайгаштыруу үчүн атайын түркүк даярдалып жатат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, экрандар коммерциялык багыттан тышкары маалымат таратуу үчүн да колдонулуп, шаарга көрк берет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.