Бишкекте 948 миллион сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды (видео)



Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районунда жалпы аянты 2800 чарчы метр болгон бала бакча 1 гектардан ашык жери менен мамлекетке алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, бала бакча мурда электрондук эсептөөчү машиналар заводунун балансында болгон. Бирок 1993-жылы ачык акционердик коомго мыйзамсыз менчиктештирилип берилген. Кийин, 1999-жылы Б.К. аттуу жаранга сатылган, ал 2009-жылы белекке берүү келишими аркылуу өзүнүн жакын туугандарына каттаткан.
Көрүлгөн чаралардан улам имараттын ээси болжолдуу наркы 948 миллон сом болгон мүлктү мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен кайтарып берди.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктөрдү кайтаруу боюнча иштер уланып жатканын кошумчалады.
19.11.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.