Абхазиянын отставкага кеткен президенти кайда экени белгилүү болду
Отставкага кеткен Абхазиянын президенти Аслан Бжания азыр кайда экенин айтты. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги жазды.
Бжания жакындары менен учурда туулуп өскөн Тамыш айылында экенин билдирген. Ал ошондой эле Тамышта иштери көп болгондуктан, республикадан чыгып, Красная Полянага баруу ниети жок экенин кошумчалаган.
Абхазиянын отставкага кеткен президенти Красная Полянага барганы тууралуу маалыматты четке кагып, жарандарды мындай чагымчыл билдирүүлүргө реакция кылбоону өтүндү.
Эске сала кетсек, буга чейин Бжания республикада “стабилдүүлүктү жана конституциялык тартипти сактоо үчүн” кызматтан кетүүгө макул болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.