super.kg logo

Грузиянын президенти парламенттик шайлоо боюнча сотко арыз менен кайрылды

 

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили парламенттик шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу Конституциялык сотко доо арыз менен кайрылды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматта белгиленгендей, ал арызын 19-ноябрда сотко жиберген.

"Биз билгендей, азыр өлкөдө бир дагы мекеме көз карандысыз болбой калды. Буга көп жолу далил алдык. Бирок өлкөдө бир дагы мыйзам талаш-тартыштары каралбай калбашы керек. Менин доо арызымдын максаты – тандоо алдында турган соттордун абийирин толугу менен сынап көрүү – мен кандай өлкөнү каалайм, бул өлкө ким менен болушун каалайт жана бул өлкөнүн келечектеги багыты кандай. Алардын чыгарган чечими дал ушул суроолорго жооп берет”, - деп жазган Мтавари телеканалы Зурабишвилинин сөзүнө шилтеме берип.

Белгилей кетсек, Грузияда парламенттик шайлоо 26-октябрда өткөн. Анын жыйынтыгы менен “Грузин кыялы” саясий партиясы 89 мандат, ал эми калган төрт оппозициялык партия 61 мандат алып калган.

Шайлоо өткөндөн кийин өлкө башчысы анын жыйынтыгын кабылдабай тургандыгын айтып, мыйзам бузуулар бар экендигин билдирген.

Бул арада Тбилисиде оппозициячы партиялардын тарапкерлери жана тарапташтары нааразылык акциясын уюштуруп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: