Токтогул ГЭСинин №1 гидроагрегаты ишке кирди

Ага ылайык, аталган гидроагрегатты реконструкциялоо иши ушул жылдын март айында башталган. Реконструкция жана жаңылоо долбоорун «GE Hydro» компаниясы ишке ашырды.
Маалымат үчүн: Токтогул ГЭСи - Нарын дарысындагы эң ири гидроэлектростанция, Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында жайгашкан. Суу сактагычтын көлөмү 19.5 миллиард метр куб. Мурда (реконструкцияга чейин) кубаттуулугу 1200 МВтты түзүп, ар бири гидроагрегаттын кубаттуулугу 300 МВттан болгон төрт агрегат турган.
Эске салсак, буга чейин станциянын эки гидроагрегаты жаңыланып, ГЭСтин жалпы кубаттуулугуна 120 МВт кошулган. Бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСде №1 гидроагрегаты реабилитациялоодон өтүп, дагы 60 МВт кошулду. Жалпысынан Токтогул ГЭСтин 3 гидроагрегаты реконструкцияланып 180 МВТ кошулду.
Ал эми 4-гидроагрегатты реконструкциялоо иши 2025-жылы башталат. Модернизациялоо долбоору аяктаса ГЭСке жалпы 240 МВт кубаттуулук кошулуп, ГЭСтин иштөө мөөнөтү дагы 25-30 жылга узара турганы маалымдалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.