super.kg logo

Зеленский Орусиянын бардык аймактарына жетүүчү ракеталары бар экендигин айтты

 

Украинанын президенти Владимир Зеленский Даниянын премьер-министри менен өткөргөн пресс-конференцияда Украина азыр алыскы аралыкка атуучу куралдарга ээ экенин жана аны колдонууга ниеттенип жатканын айтты.

Бирок ал Брянсктын жанындагы орус ок-дары сакталган кампага кол салуу ATACMS тарабынан жасалганын ырастаган жок.

"Азыр Украинанын узак аралыкка учуруучу куралдары бар. Өзүбүздүн өндүрүштүн узак аралыкка учуучу дрондору, бизде бир нече "Нептун" куралы да бар. Азыр бизде ATACMS бар. Биз мунун баарын колдонобуз”, - деди Зеленский Даниянын премьер-министри Метте Фредриксен менен биргелешкен маалымат жыйынында.

Эске салсак, 17-ноябрда америкалык басылмалар АКШ президенти Жо Байден Украинага Орусиядагы буталарга каршы ATACMS ракеталарын колдонууга уруксат бергенин жазышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: