super.kg logo

Жаңы Зеландияда 40 миң маори өз укуктарына коркунуч келтирүүгө каршы акцияга чыгышты (видео)

 

Жаңы Зеландиянын парламентине жергиликтүү маори элинин 40 миңден ашык өкүлдөрү чогулушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Алар 1840-жылы британдык колонизаторлор менен маориликтердин ортосундагы келишимди кайра чечмелей турган мыйзам долбооруна каршы нааразылык билдирип жатышат.

Мыйзам долбоору каралып жаткан парламент үйүндөгү делегацияны маори ханышасы Нга Вай Хоно жана Те По башчылык кылышты.

Бул нааразылык жүрүш тарыхтагы эң ири акция болуп калды. Маорилер башкаруучу коалицияга кирген либертариандык акт саясий партиясы киргизген мыйзам долбооруна каршы нааразылык билдирип жатышат. Документ 1840-жылы британ колонизаторлору менен бир нече маори урууларынын жетекчилери кол коюшкан жана азыркы Жаңы Зеландиянын негиздөөчү документи болуп эсептелген Вейтанги келишиминин жаңы интерпретациясын камтыйт.






Жаңы Зеландияда 40 миң маори өз укуктарына коркунуч келтирүүгө каршы акцияга чыгышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: