Бишкекте 3 күн мурун жарылган жылуулук түтүгү калыбына келди

Маалымдалгандай, калыбына келтирүү иштерин "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын кызматкерлери жүргүзгөн.
"Бузулган түтүк бөлүгү алмаштырылып, учурда адистер жаңы асфальт төшөп бүтүштү. Эми жол ачууга даярдалууда.
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы жылуулук тармактарынын эскириши болжол менен 80% түзөт. Ушул себептен улам, быйыл Бишкек шаарынын мэриясы жолдорду оңдоо учурунда бардык коммуникацияларды алмаштырууда. Шаардык муниципалитет тургундарды үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу үчүн чоң аракеттерди көрүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 17-ноябрга караган түнү Чүй проспекти менен 7-Апрель көчөсүнүн кесилишинде түтүк жарылып, асфальт чөгүп кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.