super.kg logo
  Саясат  

Жапаров мугалим менен эненин пикир келишпестик окуясы боюнча оюн билдирди 

 

Бүгүн, 20-ноябрда президент Садыр Жапаров мугалимдер үчүн ар жылдык республикалык конкурстун жыйынтыгы менен сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Анда мамлекет башчысы жакында эле болуп өткөн кейиштүү окуя боюнча окуучунун апасы мектеп мугалимин "баламды урушасың" деп тилдегенине капа болгонун айтты. Ал 45 мүнөттүк сабак учурун ата-эне түгүл ошол мектептин директору эле, керек болсо министр дагы барып токтотууга укугу жок экенин баса белгиледи.

Жапаров мындай жагдайга мектепте да, бала бакчада да, керек болсо коомчулуктун кайсы жеринде болбосун жол берилбеши керектигине токтолду.

"Мугалим менен тарбиячыны ушундай салтанаттуу иш-чараларда эле эмес, иш жүзүндө коргоп, колдоп, көтөрүп алышыбыз маанилүү. Тамга таанытып, көзүбүздү ачып, ушул деңгээлге жеткирген мугалимдерибиз менен тарбиячыларыбыз бир эле мектеп менен бала бакчаларда эмес, кайсы жерде болбосун бийик сый-урматка татыктуу болушун камсыз кылышыбыз шарт", - деген өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда аял мугалимди урушуп, ыйлатып жаткан видео тараган. Андагы видеодон окуучунун апасы мугалим баласын урушканын айтып, "300 сомумду бер” деп акча алганын көрүүгө болот. Мугалим ыйлап “берген белегине ыраазы экенин, ал эч кимге жаман сөз айтпаганын” билдирген. Андан соң ал мугалим жумуштан кеткени белгилүү болгон. Ал эми мугалимди ыйлаткан энеге айып пул салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: