Мирлан Самыйкожо Жогорку Кеңештин трибунасында "Манас" айтты (видео)
Бүгүн, 20-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрнис Айдаралиев кесиптеши депутат Мирлан Самыйкожодон "Манас" эпосунан үзүндү айтып берүүсүн суранган.
"Мыйзам долбоорунун автору, демилгечиси катары "Манас" эпосунан 5-10 сап айтып бербейсизби? Эгер макул болсоңуз", - деди Айдаралиев.
Анда Мирлан Самыйкожо ага жооп катары: "Кыргыздын ар бир уулу "Манасты" билүүсү зарыл. Албетте, айтып берем. "Манас" эпосунда кошоматчыларга арналган саптар бар. Ошондон үзүндү айтып берейин", - деп эпостон үзүндү айтып берди.
Эл өкүлү Мирлан Самыйкожо Жогорку Кеңештин трибунасында "Манас" айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

