super.kg logo

АКШда мурунку окуучу мугалимин абакка отургузду

 

АКШнын Мэриленд штатында мурунку окуучу мугалиминин жасаган ишин айыптап, сотко берген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар NBC News телеканалынын маалыматына таянып жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, былтыр эркек киши 8 жыл мурун болгон окуясын айтып, сотко кайрылган. Ал 8-класста окуп жүргөндө, ошол кездеги 22 жаштагы мугалими аны менен жакын мамиледе болгонун, өзү ал учурда 14 жашта болгондуктан жабырлануучу экенин белгилеп, ортодогу жакын мамиле бир нече ай бою класс ичинде жана өз үйүндө уланганын билдирген.

Телеканал сотто айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алгандан кийин 30 жаштан ашкан айым 1 жылга эркинен ажыратылганын жана эркиндикке чыккандан кийин 5 жыл көзөмөлгө алынарын, 25 жыл бою сексуалдык кылмышкер катары каттоодо турарын маалымдаган. Айыпталуучу ал мектепте 2 жылдан ашык мугалим болуп иштеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: