super.kg logo

"Чынар же клён жалбырактуу дарак?" Мэрия шаардыктарды добуш берүүгө чакырды (видео)

 

Бишкек шаарынын мэриясы Ажыбек баатыр көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюндагы бак-дарактарды алмаштырууга добуш берүүгө чакырат. Вице-мэр Рамиз Алиев мыйзамдарга кенен токтолуп, жаңылоонун себептерин түшүндүрүп кеткен. Бул туурасында мэриянын басма сөз кызматы Инстаграм баракчасы аркылуу видео менен бөлүштү.

Маалымдалгандай, чынар же клён жалбырактуу даракка алмаштыруу маселеси турат.

"Аталган аймакка бак-дарактар 1972-1975-жылдары отургузулган. Теректердин жашы Токой изилдөө илимий-өндүрүштүк борбору тарабынан да тастыкталган.

Бүгүнкү күндө көптөгөн дарактардын сабагы чирип, зыянкечтерден жабыркап, оорунун белгилери байкалат. Эски бактардын ордуна чынар же клён жалбырактуу бак отургузуу сунушталууда. Бул маселеде Бишкек шаарынын мэриясы жарандардын пикирин сөзсүз эске алат", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми мэрия өндүрүүчүлөрдү бийиктиги 3-5 метр болгон көчөттөр менен камсыздоого катышууга чакырат.

Белгилей кетсек, шаардагы бак-дарактардын көбү 1960-70-жылдары отургузулган. Айрымдарына 80-90 жыл болду. Жашыл көчөттөрдү өстүрүү мөөнөтү жана нормалары бар.






20.11.24.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: