super.kg logo

Кара-Балтада 2 жаранга бычак менен кол салуу болуп, алардын бирөө каза тапты

 

Кара-Балта шаарында адам өлтүрүүгө шектелип, 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-ноябрь күнү шаардагы турак үйдүн жанынан 49 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган. Анын көкүрөгүнүн сол тарабына 3 жолу бычак сайылганы аныкталган. Ошол эле күнү милицияга 29 жаштагы жаран бычактан жаракат алып, Жайыл районунун аймактык ооруканасына жаткырылганы боюнча маалымат келип түшкөн.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 26 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, маркум менен жабырлануучу ал күнү болжол менен түнкү саат бир чамасында Шопоков көчөсүндө өтүп бара жаткан шектүү менен уруша кетишкен. Натыйжасында шектүү жаран аларга бычак менен кол салганы белгилүү болгон.

Учурда бардык соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: