super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлү менен жолукту

 

Бүгүн, 20-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбордук Азия боюнча башкаруучу директору Хусейн Озхандын жолугушту. Бул туурасында президенттик администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, анын жүрүшүндө экономика, тоо-кен, каржы жана инвестиция тармактарында кызматташуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Акылбек Жапаров энергетика, транспорт жана ирригация тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстан үчүн маанилүү фактор экенин айтып, колдоо көрсөтүү жана каржылоо боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын тажрыйбасын эске алуу менен кызматташуунун алкагында ири көлөмдөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу максатка ылайыктуулугун билдирди.

Өз кезегинде Хусейн Озхан, Кыргызстан менен болгон жемиштүү кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирип, азыркы учурда 10 долбоордун алкагында иш алып барып жатканын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: