super.kg logo
  Спорт  

Орусиянын футбол боюнча курама командасы рекорд коюп, тарыхын жазды

 

Футбол боюнча Орусия улуттук курама командасы Волгоградда өткөн жолдоштук беттеште Сирия курамасын ишенимдүү түрдө 4:0 эсебинде утуп алды.

Бул жеңиш менен Валерий Карпиндин командасы катары менен алты беттеште жеңишке жеттип, голдук айырмачылыгы 34:0 болду.

Белгилей кетсек, бул серия улуттук курама үчүн рекорд болуп саналат. Буга чейин мындай кургак серия Орусия курама командасынын, СССРдин же Орусия империясынын тарыхында болгон эмес.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын февраль айынан тарта Орусиянын бардык курама командалары Украинадагы кырдаалга байланыштуу ФИФА жана УЕФАнын чечими менен эл аралык турнирлерден четтетилген. Мындан улам Орусия өткөн жайда Катарда өткөн дүйнөлүк чемпионатка жана Германияда өткөн Европа чемпионатына катыша алган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: