super.kg logo

Министрлик Украинадагы кыргызстандыктарга ал өлкөдөн чыгып кетүүнү сунуштады

 

Тышкы иштер министрлиги Киевге учкучсуз учуучу учактарды колдонуу менен массалык сокку жасалганын белгилеп, ал жерде жүргөн кыргызстандыктардан Украинанын аймагынан чыгып кетүүнү сунуштады.

"20-ноябрында Киев облусунун аймагы боюнча учкучсуз учуучу учактарды колдонуу менен массалык сокку жасалган.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кайрадан Кыргыз жарандарына жеке коопсуздук чараларын күчөтүүнү жана зарыл болгон учурда кырдаал толук турукташканга чейин Украинанын аймагынан чыгып кетүүнү сунуштайт.

Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин ыкчам байланыш телефону аркылуу Украинада жүргөн Кыргыз жарандары зарыл болгон учурларда жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышат: +38 068 139 67 92, +38 044 237 03 48", - деп билдиришти министрликтен.

Ушундай эле кайрылууну коңшу Казакстан дагы Украинада жүргөн жарандарына жолдоду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: