super.kg logo
  Саясат  

"Түндүктөн түштүккө шаарды аралап өтүп жатат". Депутат Абакиров Бишкектеги тыгынды азайтуунун жолун айтты

 

Бүгүн, 21-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров Бишкек шаарын айланып өтө турган жолду жаңылоо керектигин айтты.

Анын айтымында, Бишкекти айланып өтчү жолдун начардыгынан Нарын, Ысык-Көлдөн түштүк тарапты көздөй бара жаткандар шаардын ичи менен өтүүгө аргасыз болушууда. Эл өкүлү бул өз кезегинде шаар ичинде тыгын жаратып жатканын белгиледи.

"Айланма жолдун, "Дордой" базарынан ылдыйкы бөлүгү дагы деле жаңылана элек. Ошол жолду жаңыласак Бишкектеги тыгындардын саны кыйла азаят. Анткени Сокулук, Кара-Балтада жашап, ушул "Дордой" тарапта иштегендер бар. Алар шаар аркылуу өтөт. Түндүктөн түштүккө өткөндөр дагы Бишкекти аралап өтүп жатат", - деди Абакиров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: