super.kg logo
  Саясат  

Мирлан Самыйкожо мугалимдин кадыр-баркына шек келтиргендерге жазаны күчөтүүнү сунуштады

 

Депутат Мирлан Самыйкожо мугалимдин кадыр-баркына шек келтиргендерге болгон айып пулду көтөрүүнү сунуштады. Ал бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында айтып, жакында болгон окуяда мугалимди ыйлаткан энеге аз өлчөмдө салынган айып пулду депутаттар өздөрү кабыл алганын билдирди.

“2023-жылы ушул жерде Бузуулар кодексинде мугалимдин статусун көтөрүү боюнча элдик топ мыйзам демилгелегенбиз. Кечээки айымга салынган миң сом айып ошол мыйзамдын негизинде болуп калды. Былтыр өзүбүз ошол миң сомго түшүрүп алганбыз. Анткени мунун айыбын көбөйтпөш керек, жоопкерчиликке тартуу керек деген нерселер болгон”, - деди ал.

Эл өкүлү өкмөткө Билим берүү министрлиги менен бирге Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамды иштеп чыгууну тапшырды.

“Эртең дагы бири келип мугалимдин чачын жулуп кетет. Дагы бир окуучу мугалимди шылдың кылып кетет. Бул токтобойт. Ошондуктан өкмөт мыйзам долбоорун алып келсинчи. Дагы бир карап, мыйзамды күчөтүп коёлу", - деди Самыйкожо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: