super.kg logo
  Саясат  

"Бирөө тушоо тойго барышы керек болсо эле ушинте беребизби?" Депутат Акаев кесиптештерин сындады

 

Бүгүн, 21-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев кесиптештерин регламентти бузбай иш алып барууга чакырды.

Жыйында алгач Ар кандай маселелер каралмак. Бирок депутат Советбек Рустамбек уулу Ар кандай маселелерди күн тартибинен алып салууну сунуштады. Ага 4 эл өкүлү каршы болсо, 47 депутат колдоп, жыйынтыгында Рустамбек уулунун сунушу колдоо тапты.

Мындан улам Жанар Акаев кесиптештерине нааразы болду.

"Регламент Жогорку Кеңештин депутаттары үчүн эң маанилүү, негизги документтердин бири. Ал жерде Ар кандай маселелер күн мурун бекитилген. Анда депутаттар аймактардан келген каттардагы элдин арыз-муңун айтышы керек да. Анан бирөө тушоо тойго барышы керек болсо, же дагы бирөөнүн түштөн кийин жумушу чыгып калса эле Ар кандай маселелерди алып сала беребизби? Ушундай жаман адат пайда болду. Мындан ары андай кылбасак",- деди эл өкүлү.

Ошондой эле ал көптөгөн мыйзам долбоорлору дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынып жатканын сынга алды.






Жогорку Кеңеш 21.11.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: