super.kg logo

Бишкекте дагы бир менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды

 
Бишкекте мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 366 миллион 185 миң сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору кабарлады.
Маалымдалгандай, Ишкерлер шаарчасы дарегинде жайгашкан 0.29 гектар жер аянты менен бала бакчанын имараты жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылып кеткендиги аныкталган.
Тергөө маалымдагандай, аталган социалдык багыттагы мүлк мурда "Кыргыз темир" ишканасынын балансында болуп, 1990-жылы Б.Г. аттуу жаранга жеке менчикке мыйзамсыз берилген. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында бала бакчанын имаратынын ээси бул социалдык мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, мамлекеттин балансына кайтарып бергендиги маалыматта кошумчаланган.
УКМК мамлекеттик менчиктеги мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди кайтарып алуу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантып жаткандыгын белгилеген.
Айта кетсек, күн мурун атайын кызмат Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районунда жалпы аянты 2800 чарчы метр болгон бала бакча 1 гектардан ашык жери менен мамлекетке алынганын айткан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: